Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кадыркуловдун отставкага кетиши — адилетүүлүк

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 635 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун отставкага кетиши — адилетүүлүк. Бирок, бул жеткиликсиз. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Идрис Кадыркулов реалдуу түрдө мамлекетте экинчи адам. Анткени, УКМКнын укуругу узун.

«Кадыркуловдун кызматтан кетүүсүнө активдүү жарандарын таасири чоң. Бул жарандык уюмдардын эмгеги. Азыр коом, дүйнө өзгөрүүдө. Эгер бийлик жаңы замандын талабы менен иштебесе, жаңылыштык кетире берет. УКМКнын башчысынын ресторанга чакырганы туура эмес. Кысым кылышы — кылмыш, ага кылмыш иши да козголушу мүмкүн. Кадыркулов ошол окуя ачыкка чыкканда эле кызматтан кетиши керек болчу. УКМК мамлекеттик институт катары жараксыз экенин дагы бир жолу көрсөттү. «Жарандар карагыла,  азыр да болсо оңдойлу» деген белги коомго чыгып, бийлик коркконунан кабыл ала баштады», — дейт Жээнбеков.

Айта кетсек, Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда отставкага кетти. Төраганын мындай чечим кабыл алышына биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгон.

Паспорт жасоодогу тендер чыры тууралуу Алина Шаикова жаңы маалымат айтты

Copyright © 2017 Maral FM