Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга кесилди

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 608 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков жети жылга камакка алынды. Мындай чечимди Жалал-Абад облустук соту кечээ чыгарганын, мекеменин маалымат кызматы «Маралга» бүгүн билдирди.

Сот экс-депутатты айыптуу деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Экс-депутат зот залынан камакка алынган.

«Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 28-декабрындагы соттолуучулар жөнүндөгү өкүмү өзгөртүлсүн. Соттолуучу И. М. А. 2017-жылдын 2-февралындагы КР Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү менен, 320-берененин үчүнчү бөлүгү менен айыптуу деп табылсын. Ал боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылсын. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынсын», — деп айтылат билдирүүдө.

Экс-депутаттын жаза аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 14-майынан тарта эсептелерин облсоттун маалымат кызматы кошумчалайт.

Эске сала кетсек,  Башкы прокуратура 2017-жылы КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага, «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда, 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM