Биз менен байланышыңыз

КСДПнын депутаты Музаффар Исаков мандатын тапшырат

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 719 | 0

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Исаковдун арызы 24-декабрда БШКга келип түшкөн. Анын арызы жакынкы күндөрү каралары кабарланды.

Эске сала кетсек, Музаффар Исаковго 2017-жылы февраль айында «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана мамкаттоо кызматкерлери менен сүйлөшүп 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп шектелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM