Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашуу талкууланат

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 373 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамын түзүү боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкууга алат. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Ал Өкмөт тараптан демилгеленүүдө. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети караган. Мындан тышкары, кыргыз-түркмөн Өкмөттөрүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселесин карашат. Ошондой эле, Кыргыз Өкмөтүнүн Азия өнүктүрүү банкы менен зайым жана грант берүү жөнүндө макулдашуусу, «Жарнак жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча маселе күн тартибине киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM