Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Атамбаев менен Матраимовдун былык иштери көп

Күн чекит | 14 мая 2019 | 685 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жасады. Анда ал экс-президенттин жасаган мамилесин, буга чейин кылган жакшылыктарын эске салып, сабыр кылып карманып келгенин айтты.  Биз бул теманын тегерегинде Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова менен «Күн чекит» программасында түз эфирде маек курдук.

— Коомдо Райымбек Матраимовго сын-пикирлер арбын болуп турган чакта, анын экс-президентке видео кайрылуу жасашы кандай максатты көздөйт?

— Бул тиреш жаңы эле пайда болгон жок. Баарыбызга маалым болгондой, Райымбек Матраимов менен Алмазбек Атамбаев экөө буга чейин эле өч болчу. Бул ишти экс-президент өзү баштаган да. Экөөнүн конфликти тууралуу биз азырынча биле элекпиз. Бирок чет-чебери чыга баштады. Аягы кандай болорун, мындан аркы былыктарын убакыт көрсөтөт го?..

— Сиздин оюңузча, бул билдирүүсү канчалык деңгээлде чындыкка жакын? Сизди ынандыра турган ойлор барбы?

— Фактыга таянып эле айтып жатпайбы. Матраимовдун өмүр баянын карап көрсөк, чынында ошондой эле болуп жатпайбы. Атамбаевдин учурунда карьера жасап жатат. Ошондой эле, видеосунда Атамбаевдин шоопуру Уланды кайра-кайра досум деп жатканы эмнеден кабар берет? «Ушул досум аркылуу аталган кызматка келгем» дегенди түшүндүрөт да. Жакын мамиледе болуп, чай ичишкени байкалып эле турбайбы. Бирок негизги талаш эмнеден чыкты? Ушул нерсени экөө тең ачык айтпай жатышат. Менин оюмча, экөөнүн тең былыктары бар, ошол нерсени коомго чыгаргандан коркушууда.

— Бул кайрылуусу аркылуу Райымбек Матраимов өзүнүн таасирин жана таянычын көрсөткүсү келип жатат деген пикирлер бар. Буга кандай дейсиз?

— Учурда Матраимов бир да мамлекеттик кызматта иштебейт. «Матраимов түштүк жактан өзүнчө штаб түзүп алган. Бул жактагы негизги штабга баш ийген эмес» деген сыяктуу имиштер шайлоо учурунда көп эле айтылды. Азыр да айтылып жатат. Бул сөздөрдүн кайсынысы чын жана кайсынысы калп экенин ким билет?.. Мен аны бийликке таянып жатат дегенден алысмын. Анткени, ал жөн гана жаран катары өз пикирин айткандыр?..

— Экс-президент менен Матраимовдун ортосунда чоң тиреш болушу мүмкүнбү?

— Чоң тиреш чоң чатакка алып келиши мүмкүн. Жыйынтыгында эки тарапка тең зыяны жакшы эле тиет. Ошон үчүн булар бири-бирине эскертип жатышат, «Сен мага тийбе, мен сага тийбейм», — дегендей. Бул тиреш эмне менен аяктаарын убакыт көрсөтөт.

— Эмнеге Матраимовдун иши аягына чыкпай жатат?

— Биз иликтөөнүн жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Ага өйдө жактан ким жардам берип жатканы ошондо билинет. Негизи эле бул өтө чоң маселе болуп жатат. Президент өз сөзүндө: «Атка минерлердин мал-мүлкүн текшеребиз», — деп айтып кетти эле. Текшерүү деле бүттү. Натыйжада, Матраимов тургай, башкаларына деле чара көрүлгөн жок. Эгерде чындап текшере турган болсо, жыйынтык бакыйып чыгып калмак. Булар болгону үстүртөн гана карап коюп жатышат. «Мыйзамсыз баюу» деп, мыйзамда деле жазылып турат.  Ушунун негизинде иш алып барышса болмок.

Copyright © 2017 Maral FM