Биз менен байланышыңыз

Эне сүтүн эмбеген наристе семирип кетиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2019 | 763 | 0

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросунун окумуштуулары наристелердин ашыкча салмак кошуусунун себебин аныкташты.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, таптакыр эмчек эмбеген же аз эмген балдардын ооруп калуу жана семирип кетүү коркунучу жогору. Бала эне сүтүн канчалык узак убакыт эмсе, салмагы бир калыпта кармаларын белгилешкен.

Адистер ымыркайды аз дегенде 6 ай жалаң эмчек эмизүү менен багып, андан кийин гана аз-аздан кошумча тамактарга аралаштырса болорун, жок дегенде эки жашка чейин эмизүүнү эскертишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM