Биз менен байланышыңыз

Ооз ачардагы окуяга Түркия тарап расмий жооп берди

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 2033 | 0

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Муфтият уюштурган ооз ачардагы окуя боюнча жооп берди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хами Аксой элчиликтин расмий сайтына жазды.

Анда Кыргызстан Муфтияты тарабынан уюштурулган ооз ачарга бул өлкөдөгү (Кыргызстан — ред.) ФЕТӨ башчыларынын кошо чакырылышы кабыл алынбай турганы, андыктан,  ооз ачарга барган Түркиянын элчиси жагдайга жараша жообун бергени айтылат.

«ФЕТӨнүн башка өлкөлөргө да жайылышына каршы күрөшүү эң башкы артыкчылыктарыбыздын бири. Биз аталган уюмдун канчалык кооптуу экенин алар ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан бардык өлкөлөргө эскертип келе жатабыз. Бул маселеге биз менен дос болгон өлкөлөрдүн расмий бийлиги эле эмес, улуттук, коомдук уюмдары да көңүл бурушун каалайбыз», — дейт аталган мекеме өз билдирүүсүндө.

Эске салсак, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарга «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Орхан Инанды менен чогуу чакырылганы үчүн уюштуруучуларга нааразычылык билдирип чыгып кеткени боюнча видео тасма интернетке тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM