Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстандын нотасына жооп кайтарды

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 1981 | 1

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге нота берди. Бул тууралуу Анадолу маалымат агеттиги жазды.

Өмүралиев Түркиянын ТИМине чакырылган жана нотаны өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал тапшырган.

Алар берген нотада Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 5-июнда этникалык түрктөр жашаган Орок айлындагы жаңжалда өз милдетин аткарганы, муну менен  Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени жазылган. Мындан сырткары, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштук байланыш адаттагыдай уланары белгиленген.

Кошумчалай кетсек, 6-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты чакырып, нота тапшырган. Ага Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоо эскертилген.

ТИМ Женгиз Камил Фыраттын аракети боюнча Түркияга нота жиберди

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз

    10.06.2019 12:08

    Биринчиден Туркия элчисинин мындай аракети канчалык даражада туура, деген суроону коюш керек. Эгерде, ал элчинин милдети болгон болсо, анда кайсыл жерде, кандай жерде, кимдер менен, чыр-чатак чыкса ошол жерлерге да барышы милдет болуп калбайтабы? акылга сыйбаган бир нота жообу.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM