Биз менен байланышыңыз

ТИМ Женгиз Камил Фыраттын аракети боюнча Түркияга нота жиберди

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 1070 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоосун эскертишти. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти кабарлады.

Кечээ Сокулук районунун Орок айылында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча өлкөнүн укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи Женгиз Камил Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу Түркия тарапка министрлик нота жиберди.

Copyright © 2017 Maral FM