Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов Атамбаевге кайрылуу жасады (видео)

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 1119 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу kabarlar.kg сайты жарыялады.

Райымбек Матраимов өз кайрылуусунда, Кара-Суу районунда атасынын элесине арнап өткөрүлгөн спорттук иш-чараны Алмазбек Атамбаевге таандык жана ага тилектеш жалпыга маалымдоо каражаттары коомчулукка бир беткей каралагандыгын билдирип, бул иш-чарада эч кандай саясат жок деген.

Ошондой эле, Райымбек Матраимов буга чейин кылган жакшылыктарын эске салып, сабыр кылып карманып келгенин, бирок анткен сайын Алмазбек Атамбаевдин токтобой чектен ашып бара жаткандыгын эскеркен.

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин командасына кошулганга чейин жөн гана Раимбек болсо, кошулгандан кийин «Раим миллион» атка конгонун, кызматынан Икрамжан Илмиянов менен Алмазбек Атамбаевдин колдоосу аркылуу Бишкекке которулгандыгын билдирген.

Ошондой эле эң ишенимдүү адам болуп жүрүп, бир убакта эле 100%га өзгөрүп кеткенин жана жумуштан алгандыгына токтолгон.

-Азыркы президент менен болгон өз ара мамилеңиздерге мени аралаштырбооңуздарды суранамын. Мага карата ыксыз каралоону, жаман аттуу кылууну токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде да маалыматтарым, күч-кубатым жетишерлик, — деп айтты кайрылууда.

Copyright © 2017 Maral FM