Биз менен байланышыңыз

«Ютубдун» блогери кылмышка шектелип кармалды

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 467 | 0

Өзүн жарандык активист катары эсептеген «Ютуб» каналынын блогери, опузалап талап кылуу боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, Өзгөн райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам чегинде айып төлөгөн дүкөндүн ээлери көрүлгөн чаралардан соң, «Ютуб» каналы аркылуу К. Б. А тарабынан таркатылган видеотасманы алып коюусун, туура эмес маалымат кардарларды качырып, соодасына олуттуу зыян тийгизип жаткандыгын айтып, мөөнөтү өтүп кеткендиги такталбаганы боюнча төгүнгө чыгарууну суранып кайрылганда, ишкерлерден 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча талап кылганын айтып, 4 жаран арыз менен кайрылган.

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагынын С. Турганбаев көчөсүнүн тургуну, 1987-жылы туулган К. Б. А өзүн жарандык ативист катары тааныштырып, «Ютуб» каналындагы «Чындык маалымат KG» аттуу каналга дүкөңдөрдөгү мөөнөтү өтүп кеткен товарларды тартып чыгаруу менен алектенип жүргөн. Ал жарандын материалдарына тийиштүү органдар тарабынан баа берилип, мыйзам чегинде чара көрүлгөн.

31-мартта Өзгөн райондук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 102 номери аркылуу чалып, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Турсунбай-Ата» азык-түлүк дүкөнүнө чакырып, ал жердеги мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарлар тууралуу интернет булактарынын «Ютуб» каналына чыгарган. Окуя Өзгөн райондук Ички иштер башкармалыгына ошол эле күнү катталып, тиешелүү материалдар топтолуп, текшерүү жүргүзүү менен Бузуулар кодексинин 150-беренесине ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү жакка жиберип, алардын 9-апрелиндеги 118 сандуу катынын негизинде 5000 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Муну менен тынчып калбай, ушул эле дүкөнгө Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүн 27-апрелде да, 6-майда чакырган. Ар бир чакыруусун видеого тартып, «Ютуб» каналына жүктөп турган. Аталган орган 27-апрелдеги текшерүүсүндө, дүкөндөн эч кандай мөөнөтү өткөн азык-түлүк табылбаганын билдиришкен. Ал эми 6-майдагысы текшерилип жатканын кабарлашкан.

Андан кийин 2-майда да Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Руслан» азык-түлүк дүкөнүнө чакыруу жасап, дагы эле ошондой көрүнүштү «Ютуб» каналына чыгарып жиберген. Окуя Өзгөн РИИБдин МККне ошол эле күнү катталып, тиешелүү материалдар топтолуп, текшерүү жүргүзүү менен Бузуулар кодексинин 150-беренесине ылайык чара көрүү үчүн мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү тарапка жиберилип, алардын 8-майындагы 179 сандуу катынын негизинде «Руслан» дүкөнүнүн жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат берилген.

Мындан сырткары эки жаран К. Б. Анын оозго алгыс сөздөр менен тилдегени жана кол көтөрүп урандыгын айтышып, арыз менен кайрылган.

Ошол эле учурда К.Б.А. да арыз менен кайрылып, анда ага бейтааныш эки бала оозго алгыс сөздөр менен сөккөндүгүн билдирген.

Эки тараптын арызы Өзгөн РИИБдин маалыматтарды каттоо китебине катталып, тиешелүү материалдар топтолуп, Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып бүгүнкү күндө Өзгөн РИИБи тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM