Биз менен байланышыңыз

Либертадорес Кубогунун беттеши мушташ менен аяктады

Кыска кабар , Спорт | 10 мая 2019 | 542 | 0

Футбол боюнча Либертадорес Кубогунун алкагында өткөн Аргентинанын «Годой-Крус» жана Чилинин «Универсидад де Копсепсьон» командаларынын беттеши массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат порталдары жазды.

С тайпасынын жыйынтыктоочу беттешинде аргентиналык клуб 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Беттеш массалык мушташ менен аяктаган. Оюндун башкы калысы Вилтон Сампайо болгону эки командадан бирден футболчуга кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан кубалап чыккан.

Оюндун жеңүүчүсү мелдештин кийинки баскычына жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM