Биз менен байланышыңыз

Президент: Жеңиш күнү — көз жаш менен келген кубаныч

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 922 | 0

9-май көз жаш менен келген кубаныч. Биз Жеңиш күнүн белгилөө аркылуу чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан күчтүү болорун даңазалайбыз. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков «Жеңиш» аянтындагы Улуу Жеңиш майрамына уюштурулган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анда ал Жеңиш күнү XXI кылымда согушту эңсегендерге, бир улуттун же расанын өйдө болушун көздөгөндөргө эскертүү болуп саналарын айтты.

— 130 миңден ашык кыргызстандык ошол согушта курман болгон. Алардын эрдиги үчүн жаркын элестерине таазим этебиз. Алар өз өмүрүн тынчтык үчүн беришти. Алардын эрдигинин артында бир нече муундар жарык дүйнөгө келип, жаркын жашоодо жашап жатышат. Ардагерлер жарандардын ынтымагын, коомдун биримдигин көздүн карегиндей сактоону бизге эстетип турган жандуу эстелик.

Президент Сооронбай Жээнбеков ардагерлердин катарынын суюлуп баратканы жүрөк оорутарын кошумчалады. Жер шарындагы тынчтыктын орношуна салым кошууга чакырды.

— Дүйнөлүк коомчулук менен бирге эл аралык террорго, улуттук жана диний экстремизмге каршы туралы. Коомдогу биримдикти, ынтымакты орнотуу – Ата Мекендик согуштагы аталарыбыздын алдындагы парзыбыз.

Copyright © 2017 Maral FM