Connect with us

Дастан Догоев УКМКга сурак берип чыкты

Кыска кабар | 8 Май 2019 | 570 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде бүгүн, 8-май саат 11ден бери сурак берип жаткан президенттин кеңешчиси Дастан Догоев чыгарылды. Мындай маалыматты «Марал» радиосуна «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, Дастан Догоев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин сурагынан чыгып, учурда жубайы жаткан ооруканага кетти.

«Саат 11ден бери сурак берип жаткан Дастан Догоев чыгарылды.  Эмнеге чакырылганы айтыла элек. Учурда жубайы ооруканага жатып калганына байланыштуу чыгып эле, шашылыш ооруканага кетти,» — деди Таттуу Мамбеталиева.

БШКнын мүчөсү Гульнара Журабаева сурак жума күнү улана турганын фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Догоевдин кармалганы чындыкка дал келбей турганын билдирген болчу.

Эске салсак, 26-февралда паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилген. Буга айыпталып Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери камакка алынган.

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматын 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын февраль айына чейин жетектеген. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп бул кызматтан кеткен. Ага чейин Догоев Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM