Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу дагы 3 дарыгер кармалды

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 484 | 0

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кылмыш ишин тергөөнүн алкагында дагы 3 дарыгер кармалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары Кыйноолорго каршы күрөш боюнча улуттук борборунун орун басары Динара Саякованын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер 6-май күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми бүгүн, 8-майда алардын баш коргоо чарасы каралмак. Кармалган жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медицина-санитардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б. К. жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери А. Ф. экени айтылууда.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча эки онколог кармалган болчу.

Эске салсак, 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Нарын шаардык соту тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ага себеп катары «рак илдетине чалдыккан» деген диагноз көрсөтүлгөн. Кийинчерээк анын бошотулушунда шектүү жагдайлар бар экени, документтер жасалма берилгени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM