Биз менен байланышыңыз

Нигер: Автоцистерна жарылып, 58 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2019 | 658 | 0

Африка материгиндеги Нигер мамлекетинде күйүүчү май ташыган автоцистерна жарылды. Бул тууралуу eadaily.com сайты кабарлады.

Окуя Нигердин борбору Ниамей шаарындагы Аман Диор эл аралык аэропрортунун темир жолго жакын аймагында болгон. Маалыматка караганда, темир жолдо бараткан автоцистерна рельстен чыгып кеткен. Жергиликтүү тургундар кулап бараткан цистернанын майын куюп алып жаткан маалда унаа жарылган. Кырсыктан 58 адам көз жуумп, 37 адам оор жаракат алган. Мындан тышкары, 5 автоунаа, 25 мотоцикл өрттөнүп кеткен.

Учурда аталган аэропорттун айланасы калыбына келтирилип, кызматкерлер мурунку тартипте иш алып барышууда. Жаракат алгандар жергиликтүү ооруканаларда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Copyright © 2017 Maral FM