Биз менен байланышыңыз

Жалил Атамбаев журналистке койгон доо арызынан баш тартты

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 872 | 0

Ошто таасирдүү ишкер деп айтылып келген Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковго карата жазган доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу  Шумкарбек Абдыжапаров «Марал» радиосуна билдирди.

«Бүгүн эртең менен арызыбызды кайтарып алдык. Мусулмандардын ыйык орозо айында Исаков менен соттошпойлу деп чечтик. Биздин журналистке доо арызыбыз жок» — деп билдирди жактоочу Абдыжапаров.

Кошумчалай кетсек, 29-апрелде Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн сотко арыз жазып, 50 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Ал: «Журналист даярдаган «Ош: салыктан качкан ишкерлер» аттуу иликтөө материалы аркылуу мени негизсиз каралаган», — деген доо койгон.

Copyright © 2017 Maral FM