Биз менен байланышыңыз

Жунус уулу: «Марал» кыска убакытта көп угарман чогулта алды

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 572 | 0

Эртең менен туруп, дароо «Марал» радиосун коюп угуу адатка айланып баратат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу айтты. Эл өкүлү радио күнүнө карата атайын чыгарылышта эфирде жаңылык окуду. Бул жумуш кыйын экенин айтып, сезимдери менен бөлүштү.

— Эфирдин сүрү бар экен. Убакыт келип, режиссёр кол шилтегенде, окуп жетишүү керек экен.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, «Маралдын» уктуруулары саясаттан баштап, өнөр, диний темаларга чейин абдан кызыктуу. Радио кыска убакыттын ичинде өзүнө көп угарман топтой алды деп эсептейт.

Эскерте кетсек, 7-май – радио күнүнө карата «Марал» радиосунда атайын уктуруулар болуп, анда саясатчылар, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү жана таанымал инсандар эфир алып барышууда.

Copyright © 2017 Maral FM