Connect with us

Мексика: Жергиликтүүлөр президентке каршы митингге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Май 2019 | 857 | 0

Кечээ Мексика мамлекетинин борбору Мехикодо 6 миңден ашуун адам Андрес Мануэль Лопес Обрадордун жүргүзгөн саясатына каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

«АМЛО, КЕТ!» деген ураандын астында чыккан  митингдин ак кийимчен катышуучулары президенттин коомдук тартипти орното албаганына нааразычылыктарын билдиришкен. Митингге чыккандар жаңы шайланган президент өлкөдөгү кылмышты кыскарткандын ордуна, кайра күчөтүп жибергенин айтышат.

Расмий маалыматтарга таянып айтсак, Мексика өлкөсүндө 2019-жылдын алгачкы кварталындагы кылмыштын саны 2018-жылдын акыркы кварталына салыштырмалуу 10 %га өскөн. Тактап айтканда, январь айынан март айынын соңуна чейин 33 миң адам өлтүрүү фактысы катталган.

Copyright © 2017 Maral FM