«Азиз Батукаевге жалган диагноз койду», — деген шек менен дарыгерлерди кармоодо бир да далил жок. Мындай оюн дарыгерлердин адвокаты, кесиптештери, ата-энелери айтып чыгышты. Ал эми серепчилер, ошол учурдагы депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу ага диагноз койгон дарыгерлердин кармалышы боюнча кандай ойдо?
Буга чейин Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын маалымдаган. Андан кийин эле Ички иштер министрлиги Батукаевге жалган диагноз койду деген айып менен онко дарыгер Эмил Макимбетов менен гематолог Ирина Цопова кармалганын билдирген.
Эмил Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштобаева Батукаевдин иши боюнча дарыгерлердин кармалышы мыйзамсыз деп эсептейт. Анткени, медицина илимдеринин доктору, профессор Эмил Макимбетов Батукаевге диагноз коюуда андан биоматериал алган эмес, санавиация ишине катышкан эмес. Бир гана лабораториядан келген жыйынтык боюнча диагноз коюп, атайын медициналык кароодон өтүүсүн сунуштаган.
— Санавиация аркылуу дарыгерди жөнөтүүгө, анализ алууга катышкан эмес. Ал тургай, Батукаевди да көргөн эмес. Болгону, келген анализ боюнча диагноз коюп, сунуш берген. Биздин иликтөөлөрүбүздүн жыйынтыгында көп жагдайлар чыгып жатат. Бул жерде Батукаевдин рак илдетин аныктоого алына турган анализ да күмөн жаратууда. Анткени, атайын биоматериал алына турган жеринде андай белгилер жок.
Дарыгерлер Биринчи май райондук сотунун чечими менен № 1 убактылуу кармоочу жайына камалган. Анын кесепетинен, учурда Макимбетов дарылаган рак илдетине кабылган жаш балдар оор абалда кезектеги операциясын күтүп жатышат. Гүлзат Жапарова Макимбетовдун кармалышы бир гана үй-бүлөсүнө эмес, өзүнүн кызы сыяктуу бир канча балага да оор болуп жатканын айтат.
— Кызым 2016-жылдан бери дарыланууда. Оору башталганда 5 ай төшөктөн турбай калган. Кызым өңдүү көптөгөн балдардын өмүрүн узартууга себепчи болгон Макимбетов бизге аба менен суудай керек. Жасала турган операциялар күтүп жатат.
Маалым болгондой, ошол учурда Батукаевдин бошотулушу боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков учурда бир гана дарыгерлер эмес, ошол кезде тиешелүү кызматтарда тургандар да жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтат.
— Ошол убактагы премьер-министр, министрлер, мамлекеттик кызматтагы жетекчилер, керек болсо депутаттар да көз жуумп коюшкан. Эң негизги жоопкерчиликти ала турчу башкы прокурор, Жогорку Сот да унчуккан эмес. Биз ошол учурда баарына иш козготолу дегенбиз. Бирок бут тосуулар болду. Эми алардын бири калбай, жоопкерчиликке тартылышы керек.
Ал эми ошол кезде Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы болуп турган эл өкүлү Зарылбек Рысалиев: «Бул иштин башында Шамиль Атаханов турган. Анткени, анын уулу Чеченстанга чейин жеткирип барган», — дейт.
— Ушул маселеде мени күнөөлөп жүрүштү. Ак ийилет, бирок сынбайт. Мен ачык айта алам, мында Шамиль Атахановдун колу бар. Себеби, анын баласы Чеченстанга чейин коштоп барган. Эмнеге кагазга ороп «тигилер, булар» деп тайсалдап жатышат?..
Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова дарыгерлердин күнөөсү жок дегенге кошулбайт. «Жалган диагнозго кол коюп бергенден кийин жоопкерчиликке тартылышы керек», — деп эсептейт.
— Эмне үчүн алар койгон диагнозу үчүн жооп бербеши керек. Айрыкча, оор кылмыш менен шектелип жаткан кишини жөн эле кагаздагы диагноз менен бошотууга болбойт да. Аны комиссия тыкыр иликтеши керек болчу. Адвокаты: «Ал Батукаевди көргөн эмес, тааныбайт, биоматериал алган эмес», — деп жатпайбы? Андай болсо, текшербей туруп кантип диагноз койгон?
Эске салсак, 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун ага коюлган чечиминин негизинде, мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ага себеп катары «рак илдетине чалдыккан» деген диагноз көрсөтүлгөн. Кийинчерээк анын бошотулушунда шектүү жагдайлар бар экени, документтер жасалма берилгени аныкталып, кылмыш иши козголгон.