Биз менен байланышыңыз

«Азыркы министрлер «асмандан түшүп» келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 733 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билим берүү системасын өзгөртүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, билим берүү тармагындагы саясат жеке максаттарга курал болуп келе жатат.

«Китеп чыгаруу үчүн сырттан насыя алуудабыз. Бирок китептерди Италия, Индиядан бастыртуунун артында коррупция жатат. Булардын баарын премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев карап турат. Ушундай иштерди жасап жатканда, эмнеге бири-бирибизди мактайбыз? Жөнөкөй билим берүү системасын кантип жолго коё албайбыз? «Биздин мамлекеттин билим берүү системасына атайын диверсия болуп жатабы?» — деген суроо туулат. Система өзгөрбөсө, мен сыяктуу адамдан онду алып келсе да, натыйжа чыкпайт. Министр болсом да кадр, каражат саясатын ачык-айкын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбейт. Министр болсоң, эки орун басар кошо келет. Алдардын бири — президентин, экинчиси өкмөт башчынын адамы болот. Анан «кыңк» эттирбейт. Ушундай эле көрүнүштөр башка түзүмдөрдө да бар», — дейт Осмоналиев.

Ал буга кошумча, Билим берүү жана илим министрлиги кызматына 31 жылдык эмгектин арты менен жеткенин айтып, бирок учурда министрлер «асмандан түшүп» жатканын сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM