Биз менен байланышыңыз

Москва: Учак өрттөнүп, 41 адам набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 844 | 0

Москвадан Мурманск шаарына жөнөгөн учак авариялык кырдаалдан улам кайра конуу учурунда өрттөнүп кетти. «Sukhoi Superjet-100» (SSJ-100) учагы Шереметьево аэропортуна конгон учурда өрт жалмаган. Кырсыктын кесепетинен 73 жүргүнчүлүү, 5 экипаждуу учактын 40 жүргүнчү, 1 экипаж мүчөсү көз жумган.

Жергиликтүү убакыт менен саат 17:57де асманга көтөрүлгөндө учак, саат 18:25те авариялык кырдаалдан улам, кайра конууга уруксат сураган.

Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген версияны жарыялашты.

Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси (коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Өрт толук өчүрүлгөндөн кийинки сүрөттөрдө самолёттун арткы бөлүгү толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев кырсыкты иликтеген өзүнчө мамлекеттик комиссия түзүүнү жана жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Күйүп кеткен учак 2017-жылы жасалган. Ушул жылдын апрель айында пландык техникалык кароодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM