Биз менен байланышыңыз

Президент: Конституция — мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу

Кыска кабар | 5 мая 2019 | 859 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Анда мамлекет башчы 26 жыл мурда Башмыйзам кабыл алынганын эске салып, бул күндү өзгөчө деп баалады.

Ошондой эле? анын арты менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мыйзамдуу пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.

-Конституция — бул, өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу. Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюусуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили.

Эске салсак, Легендарлуу парламент Башмыйзамды 1993-жылдын 5-майында кабыл алган. Ал документке 10 миң сунуш түшүп, 1 жылда жазылып бүткөн. 2010-жылы референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган. 26 жыл ичинде Конституцияга 11 жолу өзгөртүү киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM