Биз менен байланышыңыз

Элдияр Асангариев: Сапаттуу пластик терезе 40 жылга чейин кызмат кылат

Без рубрики | 4 мая 2019 | 13728 | 0

Марал радиосунун «Бизнес клуб» программасы — ийгиликке шыктандыруучу уктуруу. «Бизнес клуб» — жаратмандардын жакшы иштерин жар салат. «Бизнес клубда» биздин күндүн каармандары ийгилик сырларын бөлүшөт. Андыктан, «Бизнес клуб» программасы менен бирге болуңуздар. Программанын бул жолку коногу  — «Фабрика окон» ЖЧКсынын  башкы директору Элдияр Асангариев.

Пластик бизге эгемендик алгандан кийин келди

Пластик каражаттар  Европа мамлекеттеринде ХХ  кылымдын ортосунда эле колдонулуп башталган, ал эми пластик терезе-эшиктерди жасоо Кыргызстанда эгемендик алгандан тартып ишке кирди. Бул жумуш менен алектенип баштаганыма 10 жыл болду. 10 жыл деп айтканыбыз менен, мен үчүн кечээкидей эле сезилет.

Эми биз чыгарган өндүрүм боюнча айтсам, сырье Россия, Казакстандан алынып келинет, Москвада өнөктөштөрүбүз бар, алар менен иштешебиз.  Учурда Лебединовка, Коленина-52 айылдарына филиал ачканга жетиштик. Алгач аймактарга жеткирүү кыйын болгон, азыр Кыргызстандын алыскы-жакынкы аймактарынан да атайын тапшырык бере башташты. Өз убагында каалагандай пластик терезелерди жеткирип беребиз. Айтсак, буга чейин 500 мамлекеттик мекемеге, 100 көп кабаттуу үйгө, 5 миң кафеге, 20 бала бакчага, 200 мектепке пластик терезе коюп бериптирбиз.

Учурда дээрлик баары пластик терезелерди колдонуп баштады. Жылдардын өтүшү менен кардардын талабы да өстү. Дегеним, мурункудай колго тийгенин орното салбай, түсүнө карап тандаганды, сапатын баалаганды үйрөнө башташты. Албетте, эгер пластик сыяктуу сапаттуу, бышык жасалса, жыгач терезе жакшы. Бирок, жыгач терезе пластикке караганда 5 эсе кымбат. Бардык эле кардардын чөнтөгүнө туура келе бербейт. Ал эми пластик терезелер арзан, анан да, сапаттуу жасалса, 40 жылга чейин кызмат кылат.

Миссиябыз — кардардын көйгөйүн чечүү

Мүмкүнчүлүк, убакыт, убада деген ураан менен иштейбиз. Дегеним, колдон келген мүмкүнчүлүккө жараша убакытты туура пайдаланып,  тапшырыктарды убада берген убактыңда так жасап бере алсаң, албетте, кылганыңдын акыбети кайтып, өз жемишин берет деп ойлойм. Мунун артында кардарды жоготуп албоо деген да маселе жатат. Муну менен айтарым, ишкердин айткан сөзү менен, кылган жумушу дал келиши керек.  Биздин компаниянын негизги максаты: кардардын ишенимин актап, алардын көйгөйүн жеңил жол менен чечип берүү. Ошондуктан, кардарлар менен тыгыз, жакшы мамиледе иштешебиз. Терезени каалаганындай жасап, орнотуп беребиз. Эгер каалоочулар болсо, ишканабызга келип, кантип жасай турганыбызды көрүп кете алат.

Интернет жашообузга киргени ишибизди жарнамалоо, жайылтуу бир топ эле жеңил болуп калды. Атайын сайтыбыз бар, кызыккандар бардык маалыматтарды ошол сайт аркылуу табат. Ар бир жасаган терезенин сүрөтүн, мүнөздөмөсү менен кошо жайгаштырып турабыз. Кардар келип убара болбой эле, ошол жерден метрине жараша эсептеп, баасы канча экенин билип, кала берсе ошол жерден тапшырык берсе да болот. Сайтта телефон номерлерибиз да бар. Чалгандарга түшүндүрүү, кеңеш берүү акысыз, атайын менеджерлерибиз иштейт.

Ийгилик сыры — идея бөлүшө билүү

Бизнесте акча табам деген максат болбош керек, себеби, акчанын артынан түшөм деп, кээде кардардын каалоосун четке кагып коюшубуз мүмкүн. Жеке мен өзүм 100 сом ашыкча тапсам да, эл катары ашып да кетпей, кемип да калбай жашап келем. Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштедим, ал жерде орто эсеп менен алганда, 15 миңден ашык ала албайсың. Аны айдан айга жеткирип жашаш да кыйын. Айрыкча, күзүндө аш-тойдун убагында тапканың кошумчадан артпай калат. Ошондуктан, ушул тармакка өтүштү туура көрдүм. Себеби, курулуш иштерине мурдатан эле кызыгып жүрчүмүн.

Учурда иним да жеке ишкер, аны менен, андан тышкары, башка тажрыйбалуу, ийгиликтүү ишкерлер менен баарлашып, алардын кандай иштеп жатканына баам салып, кеп-кеңеш алып турам. Ошол эле учурда, өзүмдүн билген тажрыйбамды башкаларга айтып, айрымдарга насаатымды берип келем. Дегеле, идея бөлүшө билсең, анан аны биргеликте ишке ашырууга аракет кылсаң, жумушуң элге сиңимдүү болот. Ошондой эле, чет өлкөлөрдө ар кандай иш-чаралар, көргөзмөлөр болуп турат, аяктан идея алып, тажрыйба топтоп келип турабыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM