Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстанда уран казылбайт

Кыска кабар | 4 мая 2019 | 1934 | 0

Кыргызстанда уран казылбайт. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда билдирди.

Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюлуп жаткандыгын айтып, кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары жогору турганын белгилейт.

«Лицензия берүү тармагында кадимки эле базардагыдай алып сатарлыкка жол берилип келген. Ошондуктан 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, жаңы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган«, — деди президент.

Жээнбеков өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөңгө түшкөнүн, Ысык-Көл кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар экендигин айтты.

«Кечигип болсо да Өкмөт Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алды. Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдирди. Таза табиятты бузганга баарыбыз биригип жол бербейбиз» — деп белгилейт өлкө башчы.

Маалыматтарга караганда, өлкө эгемендик алган жылдарда жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2,5 миӊден ашык  лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM