Биз менен байланышыңыз

Улуу Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары башталды

Кыска кабар , Спорт | 4 мая 2019 | 482 | 0

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Улуу Жеңиш күнүнө жана кыргыздын белгилүү инсандары Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары башталды. Бул тууралуу «Маралга» Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынын башчысы Нурдин Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча биринчи лиганын командалары тандоо турунда ойноп жатышат.

— «Кара-Ой Келечек» менен «Төш булак» командаларынын беттеши 1:2 эсебинде аяктады. Бүгүн көк бөрү мелдешиндеги биринчи лиганын төрт оюну, эртең жогорку лиганын төрт оюну болот. Жогорку лигадагы 6 командага чүчүкулак бүгүн тартылат. Ал эми биринчи лиганын тизмесине 16 команда кирген, — деди Нурдин Султанбаев.

Мындан тышкары, 9-май Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүчү салтанатта эр эңиш, көк бөрү, салбуурун, ат чабыш оюндары да болот.

Улуттук ат оюндарын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Улуттук спорт боюнча дирекция менен биргеликте уюштурган. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлерине дирекция тарабынан баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылмакчы.

Ушундай эле мелдеш Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында да өтүп жатканын Нурдин Султанбаев кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM