Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын көк-бөрүчүлөрү Ташкентте өтүүчү дүйнө чемпионатына барбайт

Кыска кабар , Спорт | 28 Сен 2019 | 466 | 0

Кыргызстандын Көк-Бөрү боюнча улуттук курамасы Өзбекстанда өтө турган дүйнө биринчилигине барбайт. Мындай чечимди Көк-бөрү федерациясы кечээ кабыл алган. Бул тууралуу федерациянын генералдык катчысы Кубатбек Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, Ташкентте Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты деп аталганы менен казактардын көкпар оюнунун эрежеси менен өтөт. “20-ноябрга белгиленген мелдешке азыркыга чейин Кыргызстанга расмий чакыруу келе элек. Анан экинчиден казактардын көкпар оюнунун эрежеси менен өтөт. Тай казаны жок өтөт”, — деди Кыргызстандын Көк-бөрү федерациянын генералдык катчысы Кубатбек Аскарбеков.

Copyright © 2017 Maral FM