Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү биринчи лига: Көлдүн «Көл-Төр» командасы чемпион

Кыска кабар , Спорт | 9 мая 2019 | 945 | 0

Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» командасы Улуу Жеңиштин урматына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин биринчи лигасында чемпион болду. Алар финалдык беттеште Талас облусунун «Кара-Буура» командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Чолпон-Ата ат майданында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдештин биринчи лигасында 16 команда ат салышкан. Мелдештин жыйынтыгы менен «Кара-Буура» экинчи, ал эми «Алкан Ата» командасы байгелүү үчүнчү орунду камсыздашты.

Эске сала кетсек, аталган ат майданда Улуу Жеңиштин урматына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдешти жогорку лигасынын командалары да ойношту.

Бүгүн финалдык беттеште эзелки каршылаштар Таластын «Ынтымак» менен Оштун «Достук» командалары кез келет.

Copyright © 2017 Maral FM