Биз менен байланышыңыз

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 510 | 0

Бүгүн, 3-майда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

КР Сүрөтчүлөр союзу тарабынан уюштурулган көргөзмөнүн ачылышына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сүрөт искусствосуна кызыккан көрүүчүлөр катышты.

Көргөзмөдө үйрөнчүк жана дасыккан сүрөтчүлөрдүн ар кыл жанрдагы эмгектери коюлган.

Эске салсак, белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Турдакун Усубалиев Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматында 25 жыл эмгектенген. Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө алгылыктуу салымын кошкон. 2015-жылы 96 жашында жарык дүйнө менен коштошкон. Быйыл жер-жерлерде 100 жылдыгы белгиленип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM