Биз менен байланышыңыз

Исаковдун жубайы: Жолдошум Матраимов үчүн соттолуп жатат

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 1148 | 0

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова Матраимовдордун иш-чарасына депутаттардын катышуусунан кийин билдирүү таратты.

Ал: «Райым Матраимовдун спикер Дастан Жумабеков баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынын жана биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун курчоосунда түшкөн сүрөтү калыстыкка болгон акыркы үмүттү өлтүрдү», — деп билдирди.

Ошондой эле, жубайы Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборундагы авария үчүн эмес, бажыны Матраимовдон тазалоого аракет кылганы үчүн соттолуп жатканын белгилейт.

Арстанбекованын билдирүүсүндө, президент Матраимовдун байлыктарын, кан сарайларын, ишканаларын текшертем дегенине төрт айдын жүзү болду, бирок бул боюнча эч кандай маалымат жок экендиги айтылат.

Кошумчалай кетсек, Финансы полициясы Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раим Матраимовдун мүлкүн январь айында текшерүүгө алган. Бирок дагы деле жыйынтык чыга электигин бүгүн мекемеден кабарлашты.

1-майда Оштун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик Согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш болуп, анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер министр Кубатбек Боронов баштаган жоон топ депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышкан. Аталган иш-чарада тартылган сүрөттөр социалдык тармактарда элдин кызуу талкуусуна түштү.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодо коррупцияга байланыштуу камалган.

Copyright © 2017 Maral FM