Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Матраимовду текеберчилиги жок, жакшы адам деп билем

Саясат | 1 мая 2019 | 958 | 0

1-майда Оштун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик Согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш башталды. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер министр Кубатбек Боронов жана бир катар депутаттар катышты. Ал жактан тартылган сүрөттөр социалдык тармакта сынга алынып, нааразычылыктарды жаратты. Ушул жагдайга байланыштуу иш-чарага катышкан депутат Тазабек Икрамов менен маек курдук.

— Ошто өткөрүлгөн спорттук иш-чарага кантип барып калдыңыз? Себеби бул боюнча социалдык тармакта ар кандай пикирлер айтылып жатат…

— Ар ким ар кандай маалымат бериши мүмкүн. Ал киши биринчиден, менин кесиптешим болот. Депутаттар кандай гана иш-чара өткөрбөсүн, баарыбызды чакырат. Бүгүн саат 10до Искендер Матраимов өткөргөн иш-чарага катыштым, андан соң, саат 2де Ноокатта болуп жаткан кыргыз күрөшү боюнча мелдешке да бардым. Бул жерде эч кандай саясат жок, болгону кесиптештерди колдоо максатында катыштык. Мен өзүм да 26-27-апрелде турнир өткөргөм. Ага бардык фракциядан өкүлдөр келип, колдоолорун көрсөтүп кетишкен.

— «Уранга каршы митингге мынча депутат келген жок», — деген ой-пикирлер айтылып жатат. Мындай нааразычылыктарга кандай жооп бересиз?

— Учурда уран казууга уруксат берген чиновниктердин аттары белгилүү. Ошол үчүн мындай митингге депутаттардын чыгуусунун эч кандай кереги жок деп ойлойм. Мунун баары мыйзам чегинде гана каралышы керек. Ал эми Кара-Суудагы иш-чара майрамга карата уюштурулду. Анткени, бул жерге коңшу мамлекеттердин да спортчулары келип катышып жатат. Мындай иштер жакшылыктын гана жышааны деп ойлойм.

— Учурда Райымбек Матраимовго карата эл арасында терс пикирлер абдан көп. Ал киши тууралуу сиз кандай пикирдесиз?

— Райымбек Матраимов тууралуу терс да, оң да маалымат бере албайм. Менин билишимче, ал киши учурда эч кандай мамлекеттик жумушта иштебейт. Бирок, соттошуп жатканын билем. Анын баарына укук коргоо органдары калыс чечим чыгарып берет деген ойдомун.

— Дегеним, эл арасында айтылган пикирлер канчалык негиздүү?

— Аны жашоодо текеберчилиги жок, жакшы адам катары эле билем. Бүгүнкү иш-чарасынан элге колдоо көрсөтүп жатканын көрдүм. Кээ бир муктаж адамдарга, спортчуларга жардамы тийип жүрөт. Мунун баарын угуп, билип туруп, ал киши жөнүндөгү ой-пикирим өзгөрүп калды десем жаңылышпайм. Айтайын дегеним, күнөө коюлгандан кийин, конкреттүү далил болбогон соң, Матраимовду камаш керек дегендерге таң калам. Айрымдары миллиондоп жеп, базарларды салып, бирок, коомго эч кандай пайда алып келбей жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM