Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Мен башка Матраимов чакырган иш-чарага бардым

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 1036 | 0

Ош областынын Кара-Суу районунда «Исмаил Матраимов» фонду уюштурган волейбол боюнча биринчиликке Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары жана өкмөт өкүлдөрү катышкан. Алардын катарында депутат Таабалды Тиллаев да бар. Ал аталган иш-чарага Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганын айтат.

— Бул жерде чоң спорттук иш-чара өттү, мындан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин сыйлоо болду. Биздин төрагабыз ал жерде унаа белек кылды жана өкмөт тарабынан да куттуктоо иш-чаралары орун алды. Эл өкүлдөрү чакыруу болгон жерге барышы керек, мындан сырткары, кесиптешибиз ушундай чоң мелдешке чакырса барабыз да. Ал жерде эми Матраимовдор көп да, дагы бир жолу айтайын, мен кесиптешим, депутат Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам.

Эл өкүлүнүн «чакырган жерге барыш керек» деген сөзүнө кошумчалай кетели. 30-апрелде жаанга карабай уран кенине каршы митингге чыккан эл, депутаттардын баары чакырылганын айткан. Бирок бир да эл өкүлү ал «чакырылган» акцияга барган эмес.

Матраимовдордун иш-чарасына катышкан депутаттар [фото]

Copyright © 2017 Maral FM