Биз менен байланышыңыз

Митингчилер: Кыргызстандын бир да жеринде уран казылбашы керек!

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 923 | 0

«Уран кени жабылышы керек! Казылбаш керек! Уран кени Ысык-Көлдүн аймагында эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанда казылбашы керек!»

Мындай талап ушу тапта Бишкектин Горький аянтында өтүп жаткан митингде айтылды.

Бул тууралуу уран кенин казууга каршы акцияны уюштуруучулардын бири, манасчы Дөөлөт Сыдыков сөз сүйлөп жатып билдирди.

Ал Кыргызстандын башка аймактарында казылган уран кендер жабылбай калганын, анын кесепети, элдин ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасири боюнча айтты.

«Кыргызстанга дени сак улут, дени сак мамлекет керек! Митингде эч кандай саясат, тигил же бул саясатчыны кызматтан кетсин, камалсын деген талаптар жок. Чагымчылдык сөздөр болбошу керек. Болгону уран кени иштетилбесин, уран казылбасын! Биздин талабыбыз ушул эле», — деди Дөөлөт Сыдыков.

Митинг жаанга карабай уланып жатат.

29-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында уранды казууга каршы өткөн митингдин катышуучулар Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышып, жүрүш күч органдары тарабынан токтотулган. Бул себептен алар кичи автобустар менен келишкен.

Нааразычылыкка чыккандар баш калаада акция өткөрүшөрүн буга чейин «Маралга» билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM