Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 3 айда 3,7 миңден ашуун мыйзам бузуу аныктады

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 481 | 0

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 3 айда ишкерлерди текшерүү учурунда 3,7 миңден ашуун мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

2019-жылдын 1-кварталында 10 миң 552 рейддик салык көзөмөлүн жана көзөмөлдүк сатып алууну жүргүзгөн. Анын ичинен 6 миң 555и рейддик салык көзөмөл, 3 миң 997си көзөмөлдүк сатып алуу болгон.

Аталган иштерди жүргүзүү учурунда ишкерлердин иштеринде 3 миң 722 ар кандай мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинде 1261си көзөмөлдүк сатып алуу учурунда болгон.

Бузуулардын ичинен уруксат документтери жок, патенттин мөөнөтү өтүп кеткен, көзөмөл-кассалык аппараттан өтпөгөн, кассалык чек басылбаган же берилбей калган учурлар бар.

Мындан тышкары, акциз маркалардын жоктугу, же анын ылайык келбеши сыяктуу бузуулар аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM