Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 488 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 14-мартта кабыл алынган. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамдын  негизги максаты Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле, ЕАЭБ Бажы кодекси жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажылык укук мамилелерин жөнгө салуу.

Бул мыйзам Кыргызстандагы ЕАЭБнин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, пайдалануунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана алып чыгууга, товарлардын бажылык декларациясын толтурууга жана чыгарууга байланышкан операцияларын, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы көзөмөлүн жүргүзүү тартибин белгилөөгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, бажы органдарынын бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

Кабыл алынган мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM