Биз менен байланышыңыз

Казакстанда президенттикке талапкер көрсөтүү аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 857 | 0

Кечээ, 28-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 18:00дө Казакстандын президенттигине талапкер көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу казак басылмалары маалымдады.

Маалыматтарга караганда, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 4 партия жана 5 коомдук уюмдан төмөнкү 9 талапкер көрсөтүлгөн:

  1. Түгел Сады-Бек — «Улуу талаа кыраандары» коомдук уюмунан;
  2. Касым-Жомарт Токаев — учурдагы президент, «Нур-Отан» партиясынан;
  3. Амангелди Таспихов – Профсоюздар федерациясынан;
  4. Дания Еспаева — «Ак жол» партиясынан;
  5. Толеутай Рахимбеков – «Айыл» партиясынан;
  6. Жамбыл Ахметбеков — Казакстан Коммунисттик Эл партиясынан;
  7. Амиржан Косанов  — «Улут тагдыры» бириккен улуттук-патриоттук коомдук бирикмесинен;
  8. Талгат Ергалиев — Казакстан курулушчулар биримдигинен;
  9. Жуматай Алиев — «Эл демографиясы» коомдук бирикмесинен;

Аталган талапкерлер эми Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ден соолугу тууралуу текшерүүдөн өтүүгө жана жашаган жери тууралуу маалымат берүүгө, өзүнө тиешелүү мүлктөрү тууралуу декларация тапшырууга милдеттүү. Ошондой эле, учурда төрт талапкердин документтери мыйзамдуу деп таанылып, кол топтоого уруксат берилди. Алар 12 облустан 118 140 кол топтоого тийиш. Калган талапкерлердин документтери жакын арада такталат.

Мындан тышкары, талапкерлер мамлекеттик тил сынагынан өтүшү керек. Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган сынак бүгүн башталып, президентикке талапкер Амиржан Косанов Лингвистикалык комиссиянын чечими менен мамлекеттик тилди билет деп табылды.

БШК тарабынан талапкерлерди каттоо 11-майда аяктап, үгүт иштери 11-майдан 7-июнга чейин жүргүзүлөт.

Казакстандын президентин шайлоо 9-июнга белгиленген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM