Биз менен байланышыңыз

“Бир алкак – бир жол” II форуму жыйынтыкталды [ФОТО]

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 678 | 0

Кытайдагы «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму коммюнике кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Эл аралык иш-чаранын жыйынтыгында делегация башчылары эстеликке сүрөткө түшүшүштү.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациясы катышты. Алардын арасында 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да бар.

Пекиндеги форумга катышуу үчүн Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерреш жана Эл аралык валюталар фондунун директору Кристин Лагард да келген.

Copyright © 2017 Maral FM