Биз менен байланышыңыз

Быйылкы орозо 6-майда башталат

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 1202 | 0

Кыргызстанда Рамазан айынын башталышы болжолдуу 6-май деп белгиленди. Мындай чечимди Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңеши бүгүн кабыл алды.

Бул тууралуу «Маралга» Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

«Орозо айынын так күнү Айдын жаңырышына карата бир күнгө жылышы мүмкүн. Ошондуктан, Муфтият Рамазан айынын так күнүн 3-майда толук кабарлайт», — деди Максат Атабаев.

Copyright © 2017 Maral FM