Биз менен байланышыңыз

Элдик Курултай референдум өткөрүү боюнча кол топтоону баштады

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 657 | 0

Бишкектеги Улуттук драма театрында өткөн «Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» аталышындагы курултайдын күн тартибиндеги эң негизги маселе референдумду өткөрүү үчүн кол топтоо болду.

Жыйында референдум өткөрүү үчүн кол топтоо иштери башталганын жарыяланды.

Бул туурасында курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин «Референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоору каттоодон өттү. Эми 10 миң кол топтолсо, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Кол топтоого 2 айлык убакыт берилет.

Copyright © 2017 Maral FM