Биз менен байланышыңыз

Мекенчил күчтөр Президенттин ишине күзүндө баа беришет

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 576 | 0

Мекенчил күчтөр президент Сооронбай Жээнбековдун ишине саясий баасын күздө өтө турган жалпы элдик курултайда беришет. Бул туурасында 27-апрелде өткөн элдик курултайда экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, буга чейинки 1-элдик курултайда делегаттардын кабыл алган чечимин аткарууда президенттен башка бийлик бутактарынын бири да жооп берген эмес. Ал эми президент: «Учурда бир гана мекенчил саясий күчтөрдү конструктивдүү оппозиция деп тааныйм», — деп айтканын Азимбек Бекназаров курултайдын жүрүшүндө белгиледи.

Буга чейин 24-ноябрда 1-элдик курултай өткөн. Анда катышкан делегаттар бир катар чечимдерди кабыл алып, анын экинчи курултайга чейин аткарылышын өкмөттөн, прокуратурадан аткарылышын талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM