Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Жибек жолунун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү демилгелерин колдойт

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 547 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн делегация башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» II форумунун алкагында эл аралык кызматташтык боюнча сессиялардын ишине катышууда.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Форумдун 1-сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент бул чоң иш чара өлкөлөрдүн «Бир алкак – бир жолдун» алкагында мындан ары карай өз ара тыгыз кызматташуусуна өбөлгө болот деп ишенерин баса белгиледи.

«Быйыл Демилгеге алты жыл толот. Кыргызстан бул долбоорду биринчилерден болуп колдогон. Анын өз убагында көтөрүлгөнү жана келечектүүлүгү глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга жооп болду. Форум биздин өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү жаатында пикир алмашуу жана жалпы аракеттерди бириктирүү үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Бул демилге глобалдык экономикалык милдеттерди илгерилетүүгө багытталган. Бүгүн анын алкагында Чыгыш менен Батышты бириктирип, эл аралык деңгээлде өз ара аракеттешүү жана жаратмандык аспектилери пайда болду. Ачык-айкын жана баарына пайдалуу болгондуктан, Идея дүйнө жүзүндө улам көп колдоого ээ болууда. Форумду өткөрүү жакшы салтка айланат деп үмүттөнөм”,- деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын Янцзы көлүнүн жээгиндеги шаарчанын эл аралык жыйын борборунда өтүп жатат. Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Форумдун 1-сессиясын ачкан соң, Россиянын, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Чили, Сингапур, Пакистан, Италия, Таиланд, Эфиопия, Венгрия, Греция жана башка өлкөлөрдүн делегация башчылары — президенттер жана премьер-министрлер cөз сүйлөштү.

Copyright © 2017 Maral FM