Биз менен байланышыңыз

«Окуган эл-озот» китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 25-апрелде «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун «Оку!» долбоорунун алкагында жыл сайын өткөрүлүп келген «Окуган эл – озот!» аттуу республикалык китеп окуу сынагы жыйынтыкталып, Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жеңүүчүлөргө байгелери тапшырылды.

Сынакка «Чарыяр 1»,  «Наставник Человечества Мухаммад» жана С. Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу окуу үчүн берилген.

Ар бир китепке коюлган баш байгени төмөндөгү адамдар алды:

«Манас» эпосун окуу боюнча өткөрүлгөн сынакта баш байгени Айзат Арзыбаев жеңип, 60 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды;

«Чарыяр 1» китебин окуу боюнча сынакта баш байгени Жумабек Эшмамбетов жеңип, Умра сапарына жолдомо алды;

«Наставник Человечества Мухаммад» китебин окуу боюнча сынакта баш байгени Белес Абдисаттар уулу жеңип, Умра сапарына жолдомо алды;

Мындан тышкары, 2-3-4-5-орунду алгандарга 60 миңден 5 миңге чейинки акчалай сыйлык, 6-7-8-9-10-орундарды ээлегендерге кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, сынак 31-март күнү республиканын бардык аймактарында бир убакта өткөн. Ошондой эле, ал тест түрүндө жүргүзүлүп, компьютердик программанын жардамы аркылуу автоматтык жыйынтык чыгарылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM