Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчынын отчетунда белгилеген негизги маселелер

Саясат | 24 Апр 2019 | 75 | 0

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев отчетун дароо эле жетишкендиктерден баштады. Башкы милдет макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдөө болуп санала турганын баса белгиледи. Ошондой эле, 2018-жылы экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 %га ашканын жана жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 557,1 млрд. сомго жетип, иш жүзүндөгү өсүү 103,5 %ды түзгөнүн билдирди.

— Макроэкономикалык өсүш 3,5 %дык деңгээлде болуп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДӨ боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыккан. Ал эми Орусияда ИДӨнүн өсүшү 2,3 %ды, Белоруссияда 3,0 %ды, инфляциянын деңгээли 100,5 %ды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болгон. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Кыргызстандын экономикасынын Кумтөр алтын кенине көз каранды болушу, бул өткөн бийликтин катачылыгы болгон. 20 жыл аралыгында Кумтөр кени өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө зор роль аткарган, бирок, кен эртеби-кечпи өз ишин токтото тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле, калктын ишеним индекси 0,6 %га чейин төмөндөгөнүн, бирок ал анчалык деле жаман көрсөткүч эмес, мыйзам ченемдүү эле экенин айткан Абылгазиев мындан Өкмөт куру пиар менен эмес, күнү-түнү жалаӊ иш менен алпурушуп жатканы байкалып турарына ынандырды.

— Албетте, биз кадрдык көйгөйлөрдү моюнга алабыз, бул багытта тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ошондон улам, өткөн жылы 6 министр, мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими кызматтан бошотулду, мындай чаралар дагы улантылат.

Мындан сырткары, Өкмөт башчыга эл өкүлдөрү тарабынан Уран кени боюнча арбын суроолор узатылды. Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө өкмөт Орусия тараптан 30 млн. доллар алды деген маалыматты премьер-министр четке какты. Анын айтымында, Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен орусиялык «Экономополимер» компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Абылгазиев орусиялык компания Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына 30 млн. доллар инвестиция салууну көздөгөнү боюнча сөз болгонун кошумчалап, уран кенин чалгындоого кимдер уруксат бергенин тизмектеп берди.

— «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөн. 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө уруксат алган. Ошол эле лицензияны 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартышкан. Ага ошол кездеги министр Кайрат Жумалиев кол койгон. Ал эми Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо жүргүзүүгө 2011-жылдын май айында Замир Эсенаманов деген министрдин колу коюлган. 2012-жылы болсо «Кызыл-Омполго лицензиялык келишим» деген аталыш менен Ишимбай Чунуев уруксаттын мөөнөтүн узартып берген. А 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев так ошол уранга деп кол коюп, лицензиянын мөөнөтү дагы узартылган. Анткени, алар ал жерден уран чыгарын билишкен. Ошондуктан, уранга деп жазылып лицензия берилген.

Эл өкүлдөрүн жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин камалышы боюнча маселе да кызыктырды. УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов өз сөзүндө Кыргызстанда паспорт жасоо, сатуууга байланышкан коррупциялык иштер арбын болуп жаткандыгын айтып, кенен түшүндүрдү.

Паспорттор менен камсыздоо Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак болуп калды. Кыргызстандын паспорту экстремист-террористтер тарабынан да колдонулуп жатат. Паспорт маселесиндеги иштер боюнча 2012-2019-жылдары УКМКнын тергөө бөлүмү жалпысынан 150 кылмыш ишин козгогон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга чукулдап калган. Карызга алынган акчалардын 70 %га жакыны жол куруу, энергетика жана айыл- чарба тармагына коротулган. Карыздарды төлөө убактысы жакындап жатканын эскерткен депутат Марат Аманкулов өкмөт бул багытта кандай иш аракеттерди жүргүзүп жаткандыгына кызыкты.

Аманкулов:  — Тышкы карыз боюнча менде суроо бар. Бүгүнкү күндө өлкөнүн карызы 4 миллиард долларга чукулдап калды. Бул абалдан чыгуу жолу кандай болот? Карыздарды төлөө жакындап келатат. Бул бюджетке таасирин тийгизбейби?

Абылгазиев: — Негизги көйгөйлөрдүн бири — 3,8 миллиард долларды түзгөн тышкы карыз. 2025-жылы биз тышкы карызга 400 миллион доллар бөлүшүбүз керек болот. Бул биздин өлкөнүн бюджетинен көп. Ошондуктан, менимче, биз жумуш орундарын көбөйтүп, ири өндүрүш ишканаларын жандантышыбыз керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерин ишке киргизүү боюнча өкмөт эмне иш-чараларды жүргүзгөндүгүн сурады.

Кыдыралиев: — Сиз мага айтсаңыз, 1 жыл ичинде Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 боюнча кандай аракет көрдүңүз?

Абылгазиев: — Камбар-Ата-2 боюнча, азыр экинчи агрегатына Евразиялык өнүктүрүү банкынан 110 миллион долларлык каржылоо башталып жатат. Ошондо Камбар-Ата 2, 240 мвт. электр энергиясын иштеп чыгара турган болот. Камбар-Ата-1 1800 мвт. электр энергиясын чыгарат. Ишке киргизүүгө 3,5-5 миллиард доллар кетет деп жатышат.

Кыдыралиев: — 2 миллиард болот!

Абылгазиев: — Азыр ар түрдүү сумма айтылып жатат. Союз убагындагы Энергетикалык институтту быйыл кайра жандантып, чет жакка кеткен адистерди тартып, инвесторлор менен сүйлөшкөнгө документибиз туура болгудай шарт түзөлү деп жатабыз.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету каралды. Жыйынга депутаттар, премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Талкууга жазылган депутаттарга убакыт жетпей калгандыктан, отчетту талкуулоону эртеӊ, 25-апрелде өтө турган жыйында улантуу чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM