Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» II этабы боюнча сынак качан жарыяланары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Апр 2019 | 509 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун II этабы боюнча сынак жарыялана элек. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорунун II этабы боюнча кызматты сатып алуунун жолу так аныктала элек. Эми комиссия апрель айынын акырына чейин аныктаса, сынак жарыяланат.

Саркулов буга кошумча, талкаланган камераларга да токтолду.

«Биринчи окуя адамдык фактор болду. Экинчи да иликтенүүдө. Камераны талкалагандар тиешелүү жоопкерчиликке тартылат. Камералар «коопсуз шаар» долбоору кирген башка мамлекеттерде да талкаланууда. Жарандар аны көрүп, кылып көрсөк кандай болот дейт. Мындан улам камерага кошумча видео жабдыктарды орнотууну сунуштап жатабыз», — дейт Саркулов.

Эске салсак, 15-апрелге караган түнү Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылындагы «Коопсуз шаардын» камерасын белгисиз адамдар камераны атайылап тапанча менен атып кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM