Биз менен байланышыңыз

Индонезия: Шайлоонун айынан БШКнын 92 мүчөсү каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 680 | 0

Индонезияда өткөн шайлоодогу түшкөн добуштарды саноодон улам чарчап, каза болгон кызматкерлердин саны 92ге жетти. Бул тууралуу «Antara» басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин Xinhua агенттиги 69 адамдын каза болгонун, алардын 15и милиция кызматкери жана 54ү шайлоо бөлүмдөрүнүн кызматкери экенин билдирген болчу.

Берилген добуштарды саноо дагы деле уланууда. Бийликтин бардык тармагына талапкерлерди шайлоо 17-апрелде өткөн.

Президент, премьер-министр, парламент, жергиликтүү бийликтер, шаардык жана айылдык кеңештерди шайлоо Индонезиядагы эң көлөмдүү шайлоо катары саналат. Анда 193 миллион шайлоочу катталган. Добуш берүүчүлөр жалпы шайлоочулардын 82 %ын түзгөн. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 22-майда жарыяланат.

Массалык шайлоо болгондуктан, комиссия мүчөлөрү 2 сутка дем алуусуз иштөөгө мажбур болушкан.

Индонезиянын учурдагы президенти Жоко Видодо каза болгондорду «демократия баатырлары» деп атап, алардын жакындарына көңүл айтты

Copyright © 2017 Maral FM