Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин иши 3-майга жылдырылды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 732 | 0

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши 3-май саат 10:00дө Жогорку Сотто карала турган болду.

Соттук отурумдун башталашында прокурор 18 томдук ишти толук карап чыгууга убакыт керектигин айтып, соттук отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү. Жогорку Соттун судялары прокурордун өтүнүнчүн канаатандырарлык деп тапты.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM