Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев уран кенинде ишти токтотуп турууну тапшырды

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 1113 | 1

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды.  Бул тууралуу Өкмөттүк Аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев уран кенинин иштетүү жарандардын ден соолугуна, экологияга зыян келтире турган болсо, анда кенди иштетпеш керектигине токтолду.

Ошондой эле, премьер-министр уран кенине байланыштуу түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активдүү жарандар кошулушу керектигин айтып, Өкмөттүк комиссиянын ишин тездетүүнү тапшырды.

«Комиссиянын жыйынтыгы чыкмайынча, ишкана ишин толугу менен токтотуп, комиссияга керек болгон материалдарды, анализдерди берип, андан кийин ишибизди башташыбыз шарт. Мүмкүн болушунча тез арада бар же жок деп айтышыбыз керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан сырткары, Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлер да жарандар жаратылыш үчүн кандай тынчсызданса, ошондой тынчсыздана турганын айтып, Өкмөттүн максаты акча таап, бюджетти толтуруу эмес, эң биринчи экология маселеси экендигин кошумчалады.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    23.04.2019 07:02

    Чиновниктер кен казбайле карапайым калка кор казганатышат калкты ойлобой оздорунун кызыкчылыгын ойлошот элдин картошка алмалары кошна мамелекетке кирбей калалат буга эшектер жооп беришбейта

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM