Биз менен байланышыңыз

Акаев: Саясатта да акылга эмес, кара күчкө таянуу бар

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 533 | 0

Ар бир саясий күч, партия өзүнчө спорт зал ачып, балдарды тарбиялоого өттү. Кандайдыр бир саясий пикир келишпестиктер, көчө митингдери болуп кетсе, ошол балдарды пайдалануу коркунучу бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Байлардын таянганы спортчулар болсо, биз эмне кылабыз? Биздин таянарыбыз — карапайым эл. Мындайда ким жеңет? Саясатта да акыл эмес, кара күчкө таянуу бар. Өлкөнүн түштүк аймагында «баланчанын балдары» деп өзүнүн саясий лидерлерине таянган көрүнүш бар», — дейт Акаев.

Эл өкүлү мындай көрүнүштөр өлкө үчүн кооптуу экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM