Биз менен байланышыңыз

«Президенттик Аппараттын жөнөкөй эксперти бүтүндөй фракцияны башкара алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 822 | 0

Утурумдук кызыкчылык үчүн бириккен партиялар парламенте элдин үнүн айта албайт. Президенттик Аппаратын жөнөкөй бир эксперти жеке кызыкчылык менен түзүлгөн бүтүндөй фракцияны башкарып алат. Ошондуктан реформа, идеологиялардын алкагында бириккен партиялар узак мөөнөтүү, пайдубалы бекем болот. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев «Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү партияларда жеке кызыкчылык жогору болуп жатканын айтып, ошол эле учурда идеологиялык кызыкчылыкка бириккендер да бар экенин белгиледи.

«Ата Мекен фракциясындагылар саясатчы Өмүрбек Текебаевдин идеологиясын колдогон адамдар. Алар кандай кыйынчылык болсо да, партиядан кетпей жүрүшөт. Ал эми КСДПдагылардын 90 %ы жеке кызыкчылыктан улам келип алышкан», — дейт Акаев.

Copyright © 2017 Maral FM