Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата ат оюндары өтөт

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 940 | 0

Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата «Аккула» ат майданында 26-28-апрель күндөрү көк бөрү, ат чабыш, кунан чабыш, жорго салдырыш боюнча Мэрдин Кубогу өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Көк бөрү боюнча беттешке Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан «Көк жал», «Четинди», «Келечек», «Бишкек», «Төш-Булак», «Кара-Балта», «Келечек-Суусамыр» жана «Ак-Жол» командалары катышат.

Спорттук иш-чаралардын жалпы байге фонду — 700 миң сом. Көк бөрүнүн баш байгеси — 350 миң сом. Оюнга 18 жаштан өйдөкү улакчылар катыша алышат.  Баардык оюндар Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын регламентинин алкагында өткөрүлөт.

Оюнга катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу 25-апрель күнү токтотулат. Жеңүүчүлөрдүн байгеси 28-апрель күнү берилет.

Ат чабыш, жорго салдырыш, кунан чабыш боюнча байгелерди ыйгаруу ар бир оюндан кийин жүргүзүлөт.

Ат чабыштын (Аламан байге)баш байгеси – 300 миң сом; Жорго салдырыштын баш байгеси – 250 миң сом, Кунан чабыштын баш байгеси – 90 миң сом;

Аламан байгеге жана жорго салдырышка катышкан күлүктөрдүн чабандеси 14 жаштан жогору болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM